Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:50

Аскар Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү байлыктар мамлекет эсебине кайтарылат

БИШКЕК. Соңку бир нече күндүн ичинде бийликтен чететтилген мамлекет башчы Аскар Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү делинген жергиликтүү банкттардагы эсептер жабылды. Ошондой эле Аскар Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык делинген Кыргызстандагы эң ири ишканаларда да иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Башкы прокурорунун кызматын аткаруучу Азимбек Бекназаров 31-мартта Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында ошондой эле Акаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү делинген Бишкектеги «Бител» компаниясынын акцияларын сатууга жана сатып алууга тыюу салынды, Канттагы «Цемент-шифер» заводуна тартип коргоо органдары тарабынан көзөмөл күчөтүлдү.
XS
SM
MD
LG