Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Кыргызстанга Украина, Грузиянын тышкы иштер министрлери келишти


БИШКЕК. Украинанын Тышкы иштер министри Борис Тарасюк жана Грузиянын Тышкы иштер министри Саломе Зурабишвили 31-марта түштөн кийин Кыргызстанга иш сапары менен келишти. Ушул эле күнү алар өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев, Кыргызстандын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева менен жолугушту. Анда өлкөдөгү соңку саясий кырдаал жана эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселеси талкууланды. Ушул эле күнү өткөрүлгөн маалымат жыйынында Роза Отунбаева Украина Кыргызстанга жазгы талаа иштерине үрөн берүүгө убада кылгандыгын маалымдады. Ал эми Украинанын Тышкы иштер министри Борис Тарасюк болсо, Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы соода экономикалык мамилелер эки өлкөнүн мурдагы жетекчилери тарабынан үзгүлтүккө учурагандыгын айтып, анын баары жөнгө салына тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG