Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Түндүк Корея ядролук кеңири сүйлөшүүнү сунуш этти


Түндүк Корея ядролук куралы бар өлкө экендигин эскерткен Пхеняндын тышкы иштер министринин айтымында, өлкөнүн ядролук программасы тууралуу сүйлөшүүнү ядролук куралсыздандыруу боюнча толук кандуу сүйлөшүүнүн деңгээлине көтөрүү керек.

Түндүк Корея ядролук куралы бар экендигин 10-февралда жарыялаган эле.

Армиянын пресс-кызматына шилтеме берип, Сеулдун Йонхап жаңылыктар агенттиги билдиргендей, куралсыздандыруу боюнча жаңы форматтагы сүйлөшүүгө Түндүк Корея, Түштүк Корея, Кошмо Штаттары, Жапония, Орусия жана Кытай тең укуктуу тараптар болуп катышышы керек. Бүгүн эртең менен Кошмо Штаттары Түндүк Кореяны эл аралык сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырган эле.

XS
SM
MD
LG