Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Нурсултан Назарбаев Кыргызстандагы окуяларды революция деп эсептебейт


– Кыргызстанда болгон окуяларды революция деп атоого болбойт. Өлкөнүн учурдагы бийликтери өздөрү бул тополоң-тоз, талоончулук болгондугун айтып жатышат - деди Казакстандын президенти.

Назарбаев Кыргызстандын элине боору ооруп жаткандыгын белгилеп, өлкөнүн оор кризистен чыгышы үчүн мүмкүн болгон чараларды караштырып жатышканын бышыктады. Ал ошондой эле Кыргызстандын президенти жана мыйзамдуу шайланган лидерлери менен мамиле түзөөрүн айтты. Назарбаев президенттин кызматын аткаруучу Курманбек Бакиевдин өкмөтүн тааныр-тааныбасын тактаган жок.

XS
SM
MD
LG