Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн Брюсселде Евробиримдиктин лидерлери менен көрүшөт. Сүйлөшүүлөрдө талкууга алынуучу негизги маселелер – Кыргызстандагы кырдаал жана Орусия менен Евробиримдиктин алакалары. Андан сырткары Молдова менен Грузиядагы абал, ошондой эле Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы суроолор да каралышы мүмкүн.