Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:35

А.Лукашенконун банктардагы эсептери изилденип жатат


АКШ Беларус республикасынын президенти Александр Лукашенкого жана анын жакындарына тиешелүү болушу мүмкүн делген банктык эсептерди изилдеп жатат. АКШнын Беларустагы элчиси Жорж Крол бейшембиде “Азаттыкка” берген интервьюсунда “бул аракеттер АКШ Конгресси тарабынан жактырылган “Беларустагы демократиялык аракеттердин” алкагында ишке ашып жатканын” айтты. Аталган аракеттер Мамдепартаментке беларусиялык бийликтерге каршы санкцияларды киргизүүгө жана башка иштерди көрүүгө кошумча укуктарды берет. Элчи Беларус президентинин банктык эсептери кайсыл мамлекеттерде экендиги тууралуу айткан жок.

XS
SM
MD
LG