Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Төрага элчи менен жолугушту


БИШКЕК. 1-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Франц Айхиндер менен жолугушту. Анда өлкөдөгү акыркы кырдаал жана андан чыгуу жолдору талкууланды.

Төраганын айтымында, кызматтан четтетилген президент Аскар Акаев президенттик укук-милдетин өткөрүп берүүгө даяр, бирок анын азыркыга чейин президенттин укугуна ээ бойдон калышы бийлик өкүлдөрүнүн кооптонуусун жаратууда. Ага Акаевдин Кыргызстанга келип укук-милдетин өткөрүшү коопсуз болоруна эч кимдин кепилдик бере албастыгы кошумча болууда.

«Ошондуктан, азыр тараптар бийликти өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат»,-деген Өмүрбек Текебаев,- коопсуздукка кепилдик берүү жана бийликти алуунун мөөнөтү жакын арада белгилүү болорун билдирди. Германиянын элчиси Франц Айхиндер Кыргызстандагы немистердин коопсуздугуна тынчсызданып тургандыгын билдиргенде Текебаев ал үчүн жакын арада бийликтин үч бутагы биригип элге кайрылууга мезгил жеткендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG