Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Маалымат технология ишканалары туңгуюкта


БИШКЕК. 1-апрелде Бишкекте Кыргызстандагы маалымат технологиялар боюнча иш алып барган мекеме жана ишканалардын форуму болду. Анда 24-мартта болгон ыңкылаптан жапа чеккен ишканалардын иштөөсүн камсыз кылуу жолдорун аныктоо үчүн жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Буга ыңкылап маалында 24 компанияга тиешелүү 60 имарат менен кеңсе, анын ичинде 12 Интернет кафенин, шаар аралык сүйлөшүү жүргүзүлүүчү 5 жайдын талкаланып, тонолгону себеп болду. Ишкана өкүлдөрүнүн айтымында, бир да ишкана камсыздандырылбагандыктан азыр алардын мындан ары иштөөсү күмөн болууда. Ошондуктан маалымат технологиялык ишканалар жаңы өкмөткө 10-15 жылга жеңилдетилген кредит берип, тарткан чыгымдарын кошумча нарк салыгынын эсебинен жабууну сунуштап жатат. Ага негиз берүүчү мыйзам жок деп салыкчылар сунушка макул болушкан жери жок.

XS
SM
MD
LG