Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Өкмөт жаңы программаларды даярдап жатат


БИШКЕК. Кыргызстандын жаңы өкмөтү экономикалык өнүгүү боюнча 80 күндүк кыска мөөнөттүү жана 3 жылдык узак мөөнөттүү эки программанын долбоорун даярдап жатат. Бул тууралуу 1-апрелде экономика боюнча вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов маалымат жыйынында билдирди.

Анын баасы боюнча, жаңы программалар жеке бир адамга ылайыкталбай, ишке аша тургандай чыныгы турмушка ылайыкталып даярдалып жатат. Андан тышкары ал Европа өнүктүрүү банкы чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү үчүн ушул жумада 25 миллион доллар бөлгөндүгүн кабарлап, пенсия менен жөлөк пул Акаев жарыя кылгандай 30 процентке эмес андан көбүрөөк көбөйтүлөөрүн жана ага салыктын казынага көп түшүп жаткандыгы өбөлгө түзөөрүн билдирди.

Данияр Үсөновдун айтымында, салык мурда Акаевдин үй-бүлөсүнө кетчү каражаттын эсебинен көп түшүп жатат. Үсөнов мындан тышкары күтүүсүз кырдаалдар жана жол салыгы алынаарын жана жалпы салыктын көлөмү 10 процентке чейин азайтылаарын билдирип, Акаевдин үй-бүлөсү үчүн иштеп келген «Аалам сервис» жана «Манас интернешнл» фирмаларынын акцияларын сатуу боюнча тендер жүргүзүлөөрүн кабарлады.

XS
SM
MD
LG