БИШКЕК. Кыргызстандын премьер-министри жана президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев куугунтукталган генерал Феликс Кулов жана саясий көз карашы боюнча куугун жеген башка атуулдарды актоо боюнча мамлекеттик комиссия түзүү аракетин көрүүдө.
Бул тууралуу 1-апрелде Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева чет өлкөлүк журналисттер менен жолугушууда билдирди. Ал эми Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров Куловду актоо өтүнүчү Жогорку сотко жөнөтүлгөндүгүн жана аны эл аралык укуктардын алкагында кароо сунушталгандыгын «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда билдирди.
Буга чейин «Ар намыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев Феликс Куловду биротоло актоо өтүнүчү Башкы прокуратурага 28-мартта жиберилгендигин жана ага жооп боло электигин билдирди. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев 31-мартта ЕККУнун төрагасы Димитри Рупель менен жолугушууда жаңы парламент Феликс Куловду толук актоо өтүнүчүн Башкы прокуратура менен Жогорку сотко жибергендигин,бирок, Кыргызстандын азыркы өкмөтү актоого шашылбай, аны созуп жаткандыгын белгилеген эле.