Женева шаарында Бириккен Улуттардын Адам укуктары боюнча комитетинин сессиясы жүрүп жаткан учурда "Фридом хауз" атайын доклад чыгарып, комитетке азыр дүйнөдөгү эң диктаторлук 18 мамлекеттин алтоо мүчө экени тууралуу билдирди. Уюмдун өкүлү Майкл Голдфарбдын айтымында, андан бир топ зыян болууда:
- Адам укуктарын эң көп бузган дүйнөдөгү эң диктаторлук мамлекеттер Бириккен улуттардын комитетине мүчө болуп кирип алышкан. Ошондуктан алар аракеттерин бириктирип, аларды сынга ала турган резолюцияларды кабыл алдырбайт. Ошол себептен адам укуктары боюнча ачык жана толук талкуу да болбой жатат.
Эң диктаторлук өлкөлөрдүн катарына Беларус, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Орусиянын курамындагы Чеченстан кирет.