Кызматтан четтетилген президент Аскар Акаев Кыргызстанда 24-мартта болгон окуяларды "путч" деп атады. Анын айтымында, парламенттик шайлоо учурунда кээ бир чөлкөмдөрдө кемчиликтер кетирилген жана оппозиция ошондон пайдаланып кетти, өкмөт үйүн алгандардын арасында болсо хулигандар менен наркомандар болгон, жана ал окуялардын демократияга тийешеси жок. "Он миң бандитти чогултуп алып эле бийликти өзгөртө берген болбойт", - деди Акаев.