Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

Зимбабведе президенттин партиясы парламенттик шайлоодо жеңди


Зимбабведе өткөн парламенттик шайлоодо президент Роберт Мугабенин партиясы көпчүлүк орунду сактап кала алды. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына ылайык Мугабенин партиясы парламенттеги 120 орундун кырк бешин ээледи. Дагы 30 депутат жеке президент тарабынан дайындалат. Өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөр кыймылы 32 орунду ала алды. Оппозиция менен эларалык байкоочулар добуш берүү жараянында массалык мыйзам бузуулар болгонун айтышты.
Оппозиция лидери Морган Чаргурай зимбабвеликтерди өз добуштарын коргоого чакырды.

- Мен зимбабвеликтерди тандоого жана добуш берүүгө болгон укуктарын коргоого чакырам, - деди оппозиция лидери Морган Чаргурай.

Зимбабвенин 81 жаштагы президенти Мугабе өлкөнү 1980-жылдан тарта башкарып келатат.

XS
SM
MD
LG