Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Жусуп Иманалиевдин жактоочулары Таласта нааразылык акциясын улантты


ТАЛАС. Нааразычылык акциясынын чыгышына Бакайата райондук соту 1-апрелде чыгарган чечими себеп болгон. Ал чечимге ылайык парламенттик шайлоонун экинчи турунда №55 шайлоо округунун 18 шайлоо участогунда талапкер Жусуп Иманалиевдин пайдасына добуштарды сатып алуу фактысы ырасталып, бул участоктордогу добуштар жараксыз деп табылган. Натыйжада Равшан Жээнбековду депутат деп табуу БШКга милдеттендирилген чечим кабыл алынган. Соттун бул чечими адилетсиз деген жүздөй шайлоочу 1-апрель күнү кечинде облустук бийлик өкүлдөрүнө нааразылык билдирип келишти жана шайлоочулардын бир бөлүгү Акүйдө түнөп калышты. 2-апрель күнү үч жүздөн ашуун шайлоочу облустук Акүйгө кызматкерлерди киргизбей, нааразылык акциясы уланууда. Шайлоочулар менен сүйлөшүүлөрдү губернатордун биринчи орунбасары Канат Нартаев жүргүзүп жатат.

XS
SM
MD
LG