Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Европа Биримдиги Кыргызстандын жаңы өкмөтүнө жардам көрсөтөт


БИШКЕК. Европа Биримдиги Кыргызстандын жаңы өкмөтүнө демократиялык жана социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүгө жардам көрсөтөт. Бул тууралуу 1-апрелде Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана саясат боюнча Жогорку Комиссары Бените Ферреро-Вальднер Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Роза Отунбаева менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда билдирди. Бенита Фереро-Вальнер айым Кыргызстандагы ички саясий кырдаал, анда кандай маселелер орун алып жаткандыгы жөнүндө кызыкты. Отунбаева айым Кыргызстанга Европа Биримдиги тарабынан көрсөтүлүп жаткан саясий жана моралдык колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстанда алдыда боло турган президенттик шайлоонун саясий маанисине токтолуп, Европа биримдигинен өлкөгө президенттик шайлоону өткөрүү үчүн техникалык жактан жардам көрсөтүүнү өтүндү.

XS
SM
MD
LG