Рамалла шаары күчөтүлгөн режимде күзөткө алынды. Өзгөчө палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббастын кеңсеси катуу кайтарылып жатат. Кечээ кечинде Аббастын резиденциясына палестин жаңчылары ок жабылтышкан эле. Алардын баары “Ал-Аксанын азапкерлер тобу” деп аталган уюмдун мүчөлөрү дешет. “Ал-аксачылар” апта ичинде бир нече ресторандарга, шаардагы башка да обьекттерге кол салышкан эле. Кечээки окуядан соң бийликтер шаардагы жана президент кеңсесиндеги күзөттү күчөткөнгө буйрук беришти. Аббас бүгүн Рамалладагы коопсуздук кызмат башчысын жумуштан алды, автономиянын күч структураларындагы бир катар жетекчилерди да бошоткону жатат.