Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:02

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!


БИШКЕК. Синоптиктердин берген маалыматына караганда, 4-5-апрель
күндөрү аба ырайында кескин өзгөрүүлөр болот. Жамгыр жаап, ал карга айланат.
Чүй, Талас, Ысыккөл облустарынын өрөөндүү жерлеринде жана Жалалабад,Ош, Баткен облустарынын тоо этектерине жакын аймактарда 0 градустан -3 градуска чейин, ал эми башка аймактарда -2ден...-7 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Үшүктүн жүрүшү мөмөлүү бак-дарактарга терс таасирин тийгизиши мүмкүн.


4-апрелде Кыргызстанда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙдө түнкүсүн +5...+10, күндүз +9...+14 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн +3...+8, күндүз +7...+12 градус.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД облустарында түнкүсүн +5...+10, күндүз +10...+15 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +8...+13 градус.
НАРЫНда түнкүсүн 0...+5, күндүз +7...+12 градус жылуу.
Борборубуз БИШКЕКте мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, кечкуруун карга айланышы күтүлүүдө. Абанын температурасы түнкүсүн +7...+9, күндүз +10...+12 градус жылуу.


Кабарлар топтомун Бүбүкан Досалиева жана облустардагы кабарчылар даярдап, окуду.

Редактор Cултан Раев

XS
SM
MD
LG