Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

Жарандар тобу өз укуктарын Конституциялык соттон талап кылышууда


БИШКЕК. 4-апрелде Конституциялык Соттун имаратынын алдына Чүй облусунун Москва районунан тургундар Темирова Гүлбайра, Ажибекова Бактыгүл жана Сартбаева Бактыгүл уул-кызы менен нааразылык чарасын башташты. Алар Конституциялык Соттон өз укуктарын калыбына келтирип берүү, Жогорку Соттун чечимдерин жокко чыгаруу жана туура эмес чечим чыгарган сотторду жоопко тартуу талабын коюп жатышат. Нааразы тарап ошондой эле ушул күндөн тарта ачкачылык башташканын, бул чараны талаптар аткарылмайынча токтотпой тургандыктарын билдиришти. Алардын айтымында, соттор аталган атуулдарга уурулук боюнча жабылган жалган жалааны териштирбей чечим чыгарган. Ушул эле күнү Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова Конституциялык Соттун жеке адамдардын арыздарын кароого укугу жогун билдирип, муну Конституциянын жаңы редакциясындагы башкы өксүктөрдүн бири катары белгиледи.

XS
SM
MD
LG