Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

Университет шайлоо округу боюча талаш-тартыш уланууда


БИШКЕК. Кыргызстандын жогорку соту №1 Университет шайлоо округу боюнча депутаттыкка ат салышкан талапкер Болот Мариповдун арызын 4-апрелде карап, Биринчимай райондук соттун буга чейин кабыл алган чечимин күчүндө калтырды. Университет шайлоо округу боюнча шайлоонун экинчи айлампасында кызматтан четтетилген мамлекет башчы Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева менен журналист Болот Марипов ат салышкан. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон Болот Марипов Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жолдогон. БШК Мариповдун арызын кароону кечеңдеткен. Ага нааразы болгон Марипов БШКыны Биринчимай райондук сотуна берген. Биринчимай райондук соту Мариповдун арызын канааттандырган эмес. Жогорку сот 4-апрелде Биринчимай райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

XS
SM
MD
LG