Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Акыйкатчы конституциялык реформаны колдойт


БИШКЕК. Кыргызстандын баш мыйзамын кайра карап чыгуу демилгесин колдой тургандыгын Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу 4-апрелде уюштурган маалымат жыйынында билдирди. Анын пикиринде, референдумдар аркылуу элден жана парламенттен тартып алынган укуктар кайра кайтарылышы керек. Мындай пикирин ал Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова көтөргөн демилгенин чегинде билдирди. Баекова Конституциялык кеңешме түзүү жана ал аркылуу 1993-жылдан берки Баш мыйзамдарды кайра карап чыгып, жаңы Конституция жазуу демилгесин көтөргөн. Бул демилгеге байланышкан пикирин ушул эле күнү «Менин өлкөм» саясий партиясы да билдирди. Партия жетекчиси Жоомарт Оторбаевдин пикиринде президенттин бир катар укуктарын парламентке өткөрүп берүү зарыл, бирок, бул өлкөнү парламенттик башкарууга өткөрүү деген түшүнүктү бербеши керек.

XS
SM
MD
LG