Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Аскар Акаев кызматтан кетүү тууралуу арызга кол койду


БИШКЕК. Бийликтен четтетилген мамлекет башчы Аскар Акаев өз кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу тууралуу арызга 4-апрелде кол койду. Мындай иш чара Кыргызстандын Москвадагы элчилик имаратында өткөрүлдү. Аскар Акаев менен сүйлөшүүгө барган парламенттик комиссиянын мүчөсү Темир Сариевдин «Азаттыктын» кабарчысына телефон аркылуу берген маалыматына караганда, сүйлөшүүлөргө мурда белгиленгендей, Орусия жана Казакстандын расмий өкүлдөрү катышкан жок. Жекшемби күнү кечинде узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Аскар Акаев өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу протоколуна кол койгон. Ал протоколдо экс-президентке байланышкан мыйзамды так аткаруу, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү, ошондой эле бул келишимдерди аткарууга гарант катары Россия жана Казакстандын өкүлдөрүн катыштыруу шарттары жазылган. Аскар Акаев менен сүйлөшүү боюнча парламенттик делегацияны Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев жетектеп барды.

XS
SM
MD
LG