Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Бүгүн Рим Папасынын сөөгү Римдин Ыйык Петер храмына которулат


Мында Иоан Павелдин сөөгү көмүлгөнгө чейин динзарлар аны менен кош айтышууга мүмкүндүк алышмакчы. Бүгүн ошондой эле кардиналдар чогулуп, сөөктү жерге берүүнүн мөөнөтүн такташмакчы. Ал аземге 100 чакты сыйлуу конок, анын ичинде АКШнын президенти Жорж Буш катышат деп күтүлүүдө. Ыйык Петердин аянтында Рим Папасын эскерген жаназага кечээ 100 миңден ашык киши катышты. Рим Папасы мурдагүнү 84 жашында, катуу оорудан кийин көз жумган эле.

XS
SM
MD
LG