Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:26

Зимбабведе башкы оппозициячыл партия шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылды


Демократиялык өзгөрүш кыймылы өткөн бейшембидеги парламенттик шайлоодо шайлоо комиссиясы жарыялагандай 41 эмес, 94 мандатты жеңип алгандыгын айтууда. Кыймыл бул санды кандайча аныктаганы маалым эмес. Президент Роберт Мугабенин Африкалык Улуттук Биримдиги жана Патриоттук Майдан партиясы 78 мандатка ээ болду. Бир мандат көз карандысыз талапкерге тийди. Зимбабвенин мыйзамына ылайык, Мугабе 150 орундуу мыйзам чыгаруу органындагы дагы 30 орунду өзү бекитет. Ошону менен анын партиясы үчтөн экиден ашык көпчүлүккө ээ болууда.

Оппозиция жана көз карандысыз укук коргоочу топтор канча жылдардан берки зордук-зомбулук, коркутуп-үркүтүү жана басмырлоочу мыйзамдар бейшембидеги шайлоонун жыйынтыгына тескери таасир тийгизгендигин айтышууда.

XS
SM
MD
LG