Кечээки чабуулдарда кеминде бир киши курман болгондугу кабарланууда. Бомбалар аба бекетинде, дүр-дүйнө дүкөнүндө жана мейманканада бир мезгилде жарылды. Коопсуздук кызматкерлери бул үчүн исламчыл радикалдарга кине койду. Түштүк Таиландда сеператисттер менен кагылышууларда былтыр январдан тартып 600дөн ашык кишинин каны төгүлдү.