Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Саудиянын коопсуздук күчтөрү жети согушкерди жок кылды


Саудиянын ички иштер министрлигинин билдиргенине караганда, өлкөнүн түндүгүндөгү атышууда коопсуздук күчтөрү "ал-Каиданын" согушкери деп шектелген жети адамды жок кылды. Окуя өлкө башкалаасы Эр-Рияддан 355 чакырым алыстыктагы ал-Расс деген жерде кечээ болгон. Атышуудан коопсуздук кызматынын бир нече офицери да жаракат алды. Саудияда акыркы эки жылдан бери жанкечтилер жасаган бомба жардыруулар, атышуулардын бир нече фактысы катталды. Бул үчүн өлкө бийликтери теги боюнча саудиялык Усама бин -Ладендин "ал-Каида" уюму менен ымалалаш согушкерлерди айыпташкан.

XS
SM
MD
LG