Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Ош шаарында ИИМдин жооптуу кызматкери У.Алиевди атып кетишти


ОШ. 4-апрелден бешине караган түнү таңга жуук үчтөр чамасында Ички иштер министрлигинин алдындагы кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча башчысы Уран Алиевге жана анын айдоочусу Дилшат Сайдуллаевге белгисиз адамдар ок аткан. Башына жана көкүрөгүнө тийген октун кесепетинен полковник Уран Алиев окуя болгон жерде жан берген. Ал эми айдоочу Дилшат Сайдуллаев оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул жөнүндө “Азаттык” радиосуна Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Урайым Ташиев билдирип,кылмыштын себептери тууралуу азырынча эч нерсе айта албастыгын кошумчалады. Ал эми өз атын атабоону суранган айрым милиция кызматкерлери полковник Уран Алиевдин өлүмүнө анын жакынкы убакта кызматынан көтөрүлүүсү себеп болушу мүмкүн деген ойлорун айтышты. Жергиликтүү аналитик Абдувахап Мониев да Уран Алиев айрым коррупциялашкан бийлик өкүлдөрүнүн жана мындан ары көзөмөлдү колго алууга аракеттенген кылмыштуу топтордун курмандыгы болду деген пикирде. Учурда болуп өткөн окуя боюнча оперативдүү иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG