Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:54

Ысыккөл районунда жаңы аким


ЫСЫККӨЛ. Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов жумуш күнүн жаңы баштаган Ысыккөл районунун администрация башчысы Турусбек Мансуровго чечилбей келген маселелерден баштоону милдеттендирди. Мамлекеттик катчыны коштоп жүргөн Ысыккөл облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Ишенбай Молдоташев жазгы талаа иштерине бул район 300 тонна күйүүчү май даярдаганын белгиледи. Ал эми үрөн, техника боюнча резиденцияга караган асыл тукум жылкы заводун пайдалануу каралды. Ал үчүн президенттин иш башкармалыгынан өкүлдөр келип, жылкы завод коомдук пайдаланууга берүү маселесин чечээри айтылды. Дастан Сарыгулов жер боюнча курч маселе менен таанышкан соң аны чечүү үчүн атайын демилгелүү топ жөнөтөрүн айтты. Курамы министрлердин орунбасаларынан турган демилгелүү топ коррупция, айыл чарба жана социалдык көйгөйлөр боюнча үч багытта иликтөө жүргүзүп, жергиликтүү бийлик аткара албаган маселелерди жеринен тез арада чечүү аракетин көрөт.

XS
SM
MD
LG