Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Башкы прокуратура мыйзамсыз иштердин бетин ачат


БИШКЕК. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кызматтан четтетилген президент Аскар Акаевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү менчик ишканалардын мыйзамдуулугун иликтөөгө киришти. Бул тууралуу 5-апрелде Башкы прокуратуранын мыйзам актыларынын аткарылышына көзөмөл салуу башкармасынын башчысы Канат Аманкулов билдирди. Анын айтымында, азыр кыргыз жана түрк ишкерлери талашып жаткан «Пинара» мейманканасынын кимдин менчиги экендиги да иликтенүүдө, бирок, ал соттордун чечиминен кийин анык болот. Андан тышкары Башкы прокуратура Улуттук банктын Жалалабаддагы бөлүмүнөн жоголгон 20 миллион сомдун кайда кеткендигин жана «Бител» компаниясынын кимге тиешелүү экендигин иликтөөгө киришти. Улуттук Банктын Жалалабаддагы бөлүмүндөгү 100 миллион сомду облустук ички иштер башкармалыгы башка жерге алып барып каткан, бирок, кайра кайтарганда 20 миллиону кем чыккан. Канат Аманкуловдун айтымында, каражат шайлоого кетти деген божомол да бар. Ал эми Башкы прокуратурага 24-марттагы талап-тоноолордон жапа чеккен ишкерлерден 150го жакын арыз түшүп, азыр алар тергелип жатат.

XS
SM
MD
LG