Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

Жарандык коом жаңы өкмөткө нааразы


БИШКЕК. «Атуулдар коррупцияга каршы» укук коргоо борбору Кыргызстандагы акыркы саясий окуяларга өлкөдө ыңкылап болгон эмес, кылмыштуу чөйрөнүн төңкөрүшү болду деп баа берди. Мындай билдирүүнү 5-апрелде борбордун жетекчиси Төлөкан Исмаилова маалымат жыйынында жасады. Анын билдирүүсү боюнча, азыр Кыргызстандын бийлигине кылмыштуу чөйрөнүн өкүлдөрү аралаша баштады жана бийликке келген оппозиция өзүнүн ич ара биримдиги жана мамлекетти башкарууга стратегиялык даярдыгы жок экендигин көрсөттү. Төлөкан Исмаилова андан тышкары Аскар Акаевдин кызматтан кетүү арызын кабыл алуу акылга сыйбай турган чечим деп баалады. Ал эми премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев азыркы өкмөттүн аракеттери бара-бара калыптанаарын билдирип, кадрдык дайындоолор жана азыркы саясат убактылуу экендигин «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда билдирген.

XS
SM
MD
LG