Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:22

Нарын шаардык сот депутаттын шайлоосун жокко чыгарды


БИШКЕК.5-апрелде Нарын шаардык соту №33 Нарын шайлоо округу боюнча Карганбек Самаковду шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Сотко арызды Нарын шаарынын эки тургуну Кундуз Осмонакунова менен Бакыт Рысбеков берген. Алар Карганбек Самаков шайлоочулардын добушун сатып алып, мыйзамсыз шайланды деп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан. Сот арызды төрт күн териштирип, арыз ээлеринин дооматын негиздүү деп тапты. Мындай маалымат бейөкмөт уюмдардын коалициясынын өкүлү Гүлжамал Султаналиевадан алынды. Анын айтымында, Карганбек Самаковдун соттун чечимине нааразы болгон шайлоочулары соттун алдына чогулуп турушту.

XS
SM
MD
LG