Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Жарандык коом Акаевге импичмент жарыялоону талап кылышты


БИШКЕК.5-апрелде Өкмөт үйүнүн алдында кызматтан четтетилген президент Аскар Акаевге экс-президент деген макамды берүүгө каршылык билдирген пикет болду. Ага Кыргызстандагы бейөкмөт, коомдук уюм жана саясий партиялардын 70ке чукул өкүлү катышты. Алар Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев баштаган парламенттик комиссиянын Аскар Акаевдин кызматтан кетүү арызын кабыл алуусу мыйзамсыз дешип, аны жокко чыгарып президентке импичмент жарыялоону талап кылышты. Пикетчилер Аскар Акаев эл алдында берген антын бузуп качып кеткендиги үчүн экс-президент деген макамга ээ болбош керек дешип, көз карандысыз комиссия түзүүнү жана Аскар Акаевдин башкаруу мезгилинде болгон кылмыштар үчүн жазалоону талап кылышты. Жаза алууга Аксы окуясында ок атуу, Барскоондогу уулануу, Кумтөр алтын кенин сатуу негиз болорун билдиришти. Ал эми Аскар Акаев «импичмент жарыялай турган мамлекетке чыккынчылык кылган жокмун жана кылмышка барган жокмун» деп Орусиянын РИА-Новости агентигине берген интервьюсуна билдирип, бул иште акыл-эс жеңээрине үмүттөнгөнүн кошумчалады.

XS
SM
MD
LG