Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

Жогорку Кеңеш Акаевдин арызын карай алган жок


БИШКЕК. Жогорку Кеңеш 5-апрелде Аскар Акаевдин кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын карай алган жок. Буга кворумдун жоктугу себеп болду.Бирок, депутаттар бул маселе боюнча пикирлерин айтып чыгышты. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров Акаевдин арызын кабыл албоого чакырып, Акаевдин качып кеткендигине байланыштуу ага импичмент жарыялоону сунуштады. Ал эми депутат Дооронбек Садырбаев Аскар Акаевдин арызын кароо маселесин кеңири талкуулап, телекөрсөтүү аркылуу көрсөтүүнү сунуштады. Маселеге депутаттар 6-апрелде кайрылмакчы.

XS
SM
MD
LG