Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

ОТСТАВКАНЫН ОРДУНА ИМПИЧМЕНТПИ? ТӨҢКӨРҮШТҮН ТӨРӨЛӨРҮ


Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевге импичмент жарыялоо маселеси кыргыз басылмаларында кызуу талкууга алынууда. Отставкабы же импичментпи деген суроонун айланасында жазылган макалалар “Вечерний Бишкек” жана “МСН” гезиттеринде орун алды. Ал эми “Аргументы и факты” гезити Кыргызстандагы акыркы окуяларга талдоо жасады.

“Отставканын ордуна импичментпи?” деген ат менен макала 6-апрелде чыккан “Вечерний Бишкек” гезитинде орун алып, анда бир катар депутаттар өлкөнүн биринчи президенти Аскар Акаевге импичмент жарыялоо маселесин көтөргөнү туурасында жазылды.

“Азимбек Бекназаров президенттин отставкасын кабыл алуунун ордуна, ага импичмент жарыялоо керек деген сунуш киргизди. Ал парламенттик шайлоодон кийин республиканын кээ бир аймактарында элдик толкундоолордун жаралышына Аскар Акаев күнөөлүү деп эсептейт. «Акаев өлкөдөн кеткен, демек, ал чыккынчы,- деди Бекназаров. - Ага импичмент жарыялоо зарыл», деп жазат басылма.

Ушул эле маселени 6-апрелде чыккан “МСН”гезити козгоду. “Отставкабы же импичментпи?” деген макалада депутаттардын Аскар Акаевди импичмент жолу менен кетирүү маселесине байланыштуу пикирлери жарыяланды.

Ал эми “Аргументы и факты” гезити шаршемби, 6-апрель күнкү санына Аскар Акаевдин башка президенттерге “Демократия өзүн өзү сакташы керек” деген кеңеш бергени туурасында жазып чыкты. Макаланын автору Вячеслав Костиков “ Аскар Акаев ак үйдөн качып жатып “Атпагыла!” деген буйрук берген. Ошону үчүн утулуп калды, бирок ал саясый жактан гана утулду, ал эми адам катары ал жеңишке ээ болду. Эгерде ал “аткыла!” деген буйрук берсе, бүгүнкү күнгө чейин мамлекет башчы болуп кала бермек”, деп жазат.

“Элди, өлкөнү кирешенин булагы катары карабай, аны коргош керек. Бирок Аскар Акаев муну өтө кеч түшүндү” деген сөздөр менен автор макаласын жыйынтыктайт.

8-апрелде чыга турган эл аралык "Zaman Кыргызстан" газетасына публицист Абдыкерим Муратовдун "аптанаамасында": "Эгемендүүлүктүн соңку жылдары кыргыз бийлигинин гаранты катары президенттин сүрөттөрүн көчөлөргө илип, үстөл үстүлөрүнө коюп, окуу китептеринин ички мукабаларына баса баштаганбыз.

Эми ошондой сүрөттөрдү кичинекей балдар өрттөп, беттерин булгап, көздөрүн сайып, кудай анын бетин ары кылсын, жөн эле кор кылып жатты. Ошондо бул кишинин сүрөттөрү тартылган китептерди балдар кандайча окуп жатты экен деп кабатырландым. Кайран сүрөттө эмне айып дейсиң...

"Үмүттүн шооласы үзүлбөйт" деген китебин дүйнөдөгү эң мыкты китеп деп, Жазуучулар союзуна кезексиз кабыл алып, ааламга таанымал адамдар ашкере мактап, адабиятчылар классикага айлантып, студенттер инценировкаларды даярдап, жалган иллюзиялар менен жашап калганбыз. Кийинки жылдары Бермет Акаева да катар-катар беш китеп чыгарып, "жазуучу" болуп келе жаткан" деп жазат.

Ал эми Канымгүл Элкеева "Төңкөрүш "төрөлөрү" тууралуу деген макаласында жаңы кыргыз революциясын "Ала-Тоо" аянтына жөн эле көрүү үчүн келген 13-15 жашар балдар жасагандыгын, бирок алар ошол бир күндүк окуядан оолак калып, алардын төңкөрүшүнүн үзүрүн папке талашкан чоңдор көрүп жатканын, балдар болсо дагы эле арабасын түртүп жүргөнүн жазып чыгат.

Жакында болуп өткөн саясый окуя тууралуу Илим Жанузаков да ой жүгүртөт.
Ал эми "Чубактын кунундай чубалган иш" деген макалада президентти кетирүүнүн кыйынчылыктары тууралуу айтылат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG