Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:44

Чет өлкөлүк банктар кетип калса Кыргызстан финансылык кыйроого учурайт


БИШКЕК. “Промстрой” банктын жетекчиси Муратбек Мукашев “МСН” гезитинин 5-апрелдеги чыгарылышында берген интервьюсунда “Энергобанк Айдар Акаевге тиешелүү болчу. Бизге келген Казакстандын коммерциялык банктары аны менен түздөн түз байланышта. Алар “Казкоммерцбанк”,”Азияуниверсалбанк”,”Халыкбанк Кайрат”. Мына ушулар аркылуу акчалар адалданып турган”,-деп күнөөлөгөнү үчүн Мукашевди сотко беребиз, деди “Азияуниверсалбанктын” төрагасы Михаил Надель 6-апрелде өткөргөн маалымат жыйынында. Ал “Азияуниверсалбанк” “Энергобанк” менен кызматташпаганын, Кыргызстандын банктарында Казакстандын бир дагы акционери жок экендигин билдирди. Наделдин пикиринде, чет өлкөлүк банктар кетип калса Кыргызстан финансылык кыйроого учурайт.

XS
SM
MD
LG