Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

“Кыргызстан аба жолдорунун” президенти отставкага кетүү тууралуу арызын берди


БИШКЕК. 6-апрелде “Кыргызстан аба жолдорунун” президенти Акылбек Жумабаев отставкага кетүү тууралуу премьер-министр Курманбек Бакиевге арыз жолдогонун билдирди. Анын мындай кадамга баруусуна эларалык “Манас” абамайданы жана “Кыргызстан аба жолдору” акционердик коомдорунун өндүрүштүк-чарбалык ишкердүүлүгүн текшерүү боюнча эксперттик комиссия түзүү тууралуу Транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбековдун 5-апрелдеги буйргу себеп болгон. Жумабаевдин айтымында, акционердик коомдордун өндүрүштүк-чарбалык ишкердүүлүгүн текшерүүгө эксперттик комиссиянын мыйзам боюнча укугу жок. Ал мындай иш чара Ишенбай Кадырбековдун демилгеси менен уюштурулганын, бул тууралуу президенттин милдетин убактылуу аткаруучу Курманбек Бакиев кабардар эместигин белгиледи. Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлиги түзгөн эксперттик комиссиянын билдиргенине караганда, комиссия аталган акционердик коомдордун коопсуздугу тууралуу маселелерди карайт. Алардын айтымында, Кыргызстандагы ар түрдүү үлгүдөгү 50 ашуун абаучактын учурда болгону бирөө эле калган.

XS
SM
MD
LG