Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

Кочкор кыштагынын айрым тургундары өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыгышты


БИШКЕК. 6-апрелде Нарын облусунун Кочкор айылынан келген 300 ашуун адам өкмөт үйүнүн жанына пикетке чыгышты. Нааразылык акциясына чыгышкандар 4-апрелде Кочкор кыштагында тапанча огунан жарадар болгон 30 жаштагы Сүйүндүк Калпаевди да алып келишип, анын акыбалы оордоп баратканда “тез жардам” менен шаардагы №4 ооруканага жеткирилди. Пикетке чыгышкан Кочкор шайлоо округунан депутаттыкка мурда талапкерлигин койгон Курманбек Байтерековдун жактоочулары Финансы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровду кызматтан кетирүү талабын коюшту. Курманбек Байтерековдун айтымында, 4-апрелдин түнүндө Акылбек Жапаров 30 ашуун финансы полициясынын кызматкерлери менен Кочкор кыштагына барып, Байтерековдун сүрөттөрүн сыйрышып, Байтерековдун жана Турдакун Усубалиевдин талапкерлеринин үйлөрүн кыдырып ур токмокко алышкан. Курманбек Байтерековдун үйүнө барып, үйбүлөсүн коркутуп опузалашкан. Акылбек Жапаров менен “Аалам” гезитинин башкы редактору Чолпонбек Абыкеев Кочкор районун администрациясында 15 киши катышкан жыйын өткөрүшүп, аталган райондун акимине Качыке Бейшеевди дайындашкан. Ал эми Чолпонбек Абыкеев мындай дооматты четке какты. Ал эч кандай жаңы акимди шайлоо тууралуу жыйынга катышпаганын, Кочкор кыштагында көп эл катышкан митингде болгонун, алардын суроо-талабын жаңы өкмөткө жеткирүү үчүн Бишкекке кайтып кеткенин билдирди.

Акылбек Жапаровдун өкүлү Нурлан аттуу жигиттин айтымында, 4-апрелде Акылбек Жапаров финансы полицияларынын кайтаруусунда Кочкор кыштагына барган. Ал жерден Курманбек Байтерековдун жактоочулары каржы полицияларына кол салып, автоунаасын талкалашкан. Бишкектеги Байтереков тарабынан уюштурулган нааразылык акция Акылбек Жапаровду жаманатты кылууга багытталгандыгын билдирди, Жапаровдун өкүлү.

XS
SM
MD
LG