Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Күрт лидеринин Ирактын президенти болуп шайлануусун Түркия кубаттап чыкты


АНКАРА. Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл Ирактын президенттигине күрт лидери шайланганын кубаттап чыкты. Гүл Талабанини Ирактын биримдигин сактап калуу канчалык маанилүү экенин жакшы түшүнгөн саясатчы катары сыпаттады. Буга чейин Түркиянын өкмөтү Ирактын түндүк чөлкөмүндөгү Күрт улуттук азчылыгы өз алдынча мамлекет куруп, Ирактан көз карандысыз болгонго аракеттенет деп чочулап келген. Анкаранын көз карашында, бул Түркиядагы күрттөрдүн эгемендик күрөшүнө шыкакчы болмок.

XS
SM
MD
LG