Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Кыргызстандын Жогорку соту Феликс Куловго койулган айыптоолордун бирин алып таштады


БИШКЕК. Кыргызстандын Жогорку соту Феликс Куловго койулган эки айыптоонун бирин - кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген кинени алып салды. «Арнамыс» партиясынын лидери Феликс Кулов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, мамлекеттик мүлктү уурдаган деген күнөөлөр менен 2001-жылы соттолуп, 10 жылга эркинен ажыратылган болучу. Бирок саясатчынын өзү жана анын сандаган тарапкерлери Куловдун саясий себептерден түрмөгө кесилгенин айтып келишкен.

- Мен сот акыр аягы ишти обьективдүү карап чыкканына кубанып турам,- деди Кулов соттун чечими кабыл алынган соң.

Кулов эгерде акталса, президенттик шайлоого катыша турганын билдирген. Анын аралыгында Кыргызстандын парламенти Аскар Акаевдин кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын кароону эртеңкиге калтырды. Парламенттин талкуусу ушуну менен экинчи жолу кийинкиге жылдырылып отурат.

XS
SM
MD
LG