Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:36

№28 Кызылтуу округунун шайлоочулары акцияга чыгышты


ЖАЛАЛАБАТ. Нааразылык акциясынын чыгышына элдин жана депутаттыкка талапкер Рашид Бостоновдун арызы менен эки соттон кийин 4-апрелде кайра башталган сот ишинин убактылуу токтогону себеп болгон. 150 чамалаш шайлоочу үч соттун алмаштырылып, 18 күндөн бери адилеттүү чечим чыкпагандыгына нааразычылык билдиришти. Облустук соттун судьясын жана прокуратуранын сыртта жүргөн кызматкерин убактылуу кармап алышып, оорудан дарыланып келген судья Камчыбек Ильязов ишке киришмек болгонун угушкандан кийин ал экөөнү кайра бошотушту. Рашид Бостонов атаандашы депутат Эргеш Төрөбаевди улут бөлүштүргөн, жалган маалымат тараткан деп сотко берген. Ал эми Эргеш Төрөбаевдин адвокаты Жанара Аскарова арыздардын негизсиз экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG