НАРЫН. Нарын шаардык соттун 5-апрелдеги чечимине нааразы болушкан депутат
Карганбек Самаковдун жактоочулары 7-апрелде Нарын облустук акимчиликти толук ээлешип, натыйжада иш кеңселерди кызматкерлер бекитип кетүүгө аргасыз болушту. Ал эми саат он жарым ченде Нарын райондук жана шаардык акимчилик дагы акциянын катышуучуларынын карамагына өткөрүлүп, район акими Рысбек Шалтаев жана шаар жетекчиси Бейшеналы Боогачиевдин гана иштөөлөрүнө мүмкүнчүлүк берилди. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынан, мүчөлөрүнөн турган депутаттардын жыйыны болсо саат он эки жарымга жакын үзгүлтүккө учурады. Анткени бир нече адамдар, асыресе аялдар тобу жыйын маалында шаардык Кеңештин төрагасынын кеңсесине кирип барышып, алардын тарап кетүүлөрүн талап кылышты. Натыйжада шаардагы кырдаалды талкуулоо боюнча депутаттардын жыйыны болгон жок. Акицянын жүрүшүнө жалпы беш жүздөн сегиз жүзгө чейинки адам күбө болушту жана нааразы болгондор соттон акыйкат чечим чыгаруусун талап кылышууда.