ТАЛАС. Бүгүн эртең мененден баштап №55 Бакайата шайлоо округунун шайлоочулары нааразылык акциясына чыгышты. Нааразылыкка кече күнү облустук администрациянын астында Равшан Жээнбеков жана Жусуп Иманалиевдин ортосунда болгон мандатты соодалашуусу себеп болду. Алар Талас-Жамбул жолун эртең мененден баштап тосушуп, кыймыл токтоп турат. Бул жерде миңден ашуун шайлоочу Равшан Жээнбековдун келүүсүн күтүп атышат жана соттун адилеттик чечимин ишке ашуусун талап кылышууда.