Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

Курманбек Бакиев өкмөттүк жыйын өткөрдү


БИШКЕК. Буга чейин каржы министрлигинин тутумунда болуп келген бажы кызматы, салык инспекциясы жана каржы полициясы түздөн-түз кыргыз өкмөтүнүн башкаруусуна өтмөй болду. Бул тууралуу президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Курманбек Бакиев өкмөттүн 7-апрелде өткөн жыйынында билдирди. Ушул эле жыйында 24-26-март аралыгында болгон талап-тоноолордун кесепеттери талкууга алынды. Вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновдүн маалыматына караганда, каракчылык учурунда жабыркаган ишкерлердин кредиттеринин төлөө мөөнөтүн узартуу коммерциялык банктар менен макулдашылды. Ошондой эле жеңилдетилген кредит берүү, салыктарды төлөө мөөнөтүн узартуу маселелери да каралууда.
24-26-март аралыгында Бишкек шаарында болгон каракчылык мамлекеттик мүлккө болжол менен 50 миллион сом зыян алып келген. 117 ишкердик жүргүзгөн имарат каракталып, натыйжада 976 миллион сом зыянга учураган.
24-марттагы окуяга байланышкан дагы бир маалымат: АКШ элчилиги жабыр тарткандарды дарылоо максатында медициналык мекемелер үчүн 317 миң долларлык дары-дармектерди 7-апрелде саламаттык сактоо министрлигине тапшырды.

XS
SM
MD
LG