Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:55

Акаевдин арызы талкууга алынууда


БИШКЕК. Бул күнкү жыйында депутаттар Аскар Акаевдин арызын кабыл алуу же кабыл албоо, Акаев жана анын айрым үй-бүлө мүчөлөрүнө берилүүчү кол тийбестик жана экс-президенттин ыйгарым укуктарын алып таштоо сунушун айтышты. Талкууга 20 депутат жазылды. Алгачкылардан сөз алган палата төрагасы Өмүрбек Текебаев Аскар Акаев менен сүйлөшүүгө өлкөдө саясий туруктуулук, мыйзамдуулукту камсыз кылуу үчүн ЕККУ, ШКУ жана бир катар өлкө жетекчилердин сунушу менен баргандыгын айтып, Аскар Акаевдин арызын кабыл албаса Кыргызстанда саясий кырдаал курчуп кетет деген оюн айтты. Ушундай эле пикирди Акаев менен сүйлөшүүгө барган депутаттык комиссия мүчөлөрү айтышып, Акаевдин арызын кабыл алып, ага экс-президенттик ыйгарым укук берүүнү сунушташты. Ошол эле мезгилде депутат, Башкы прокурордун кызматын аткаруучу Азимбек Бекназаров жана башка депутаттар Аскар Акаев өз кайрылуусун кыргыз эли же Жогорку Кеңешке эмес, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевге жолдогондугун белгилешип, Аскар Акаевдин арызын кабыл алууга каршы болушту. Акаевге, тескерисинче, өз элине жасаган мыйзамсыз аракеттери үчүн деп кылмыш ишин ачууну сунуштады. Ал эми депутат Кубатбек Байболов өлкөнү оор абалга жеткирген Аскар Акаев экендигин айтып, анын менен сүйлөшүүгө барган депутаттык комиссия аракетин соодалашуу катары баалады:

- Өлкөнү ушундай абалга жеткирген президент иш жүзүндө менин Конституцияда көрсөтүлгөн укуктарымды калтырсаңар арызымды жазып берем, болбосо жазбайм деп соодалашып жаткан турбайбы. Парламенттик комиссия менен соодашуу болуптур. Бул көрүнүп турат. Буга макул эмеспиз.

Талкуу 8-апрелде улантыла турган болду.

XS
SM
MD
LG