БИШКЕК. Бул күнкү жыйында Аскар Акаев менен сүйлөшүүгө барган азыркы өкмөттүн өкүлү, биринчи вице-премьер-минстрди милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбеков маалымат берди. Кадырбековдун айтымында, сүйлөшүү учурунда Аскар Акаев «МСН» гезитине жарыяланган үйүн жана Ысыккөлдүн жээгинен эс алуучу жай курууга жер сураган. Вице-премьер-минстр Дания Үсөнөвдун жыйында берген маалыматына караганда, бул үй 487 миллион сомго салынган. Эске сала кетүүчү нерсе убагында Аскар Акаев аталган үй мамлекет башчысына тиешелүү эмес экендигин айтып, ал тууралуу жазган «МСН» гезитин сотко бере тургандыгын жарыялаган.