Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Акаевге тиешелүү мүлктөр аныкталууда


БИШКЕК. Кызматтан четтетилген мамлекет башчы Аскар Акаевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө, туугандарына тиешелүү мамлекеттик мүлктөрдү аныктоо боюнча мамлекеттик комиссия кыргыз өкмөтүнүн токтому менен түзүлдү. Аталган комиссия азырынча Аскар Акаев жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө Кыргызстанда эң кирешелүү 42 ишкана таандык экендигин аныктады. Бул тууралуу вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнөв 7-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди. Анын айтымында, Аскар Акаевдин Бишкектин борборуна салынган китепканасы үчүн учурда Италиядан 222 миң еврого кымбат баалуу эмеректер жана Түркиядан 125 миң еврого люстра ташылып келе жатат. Ал эми Аскар Акаевдин бул китепканасы 224 миллион сомго салынган. Ошондой эле Данияр Үсөнов эгерде депутаттар экс президент тууралуу мыйзам кабыл алыша турган болсо, жогорудагы жана андан башка аныктала элек мамлекеттик байлыктар Аскар Акаевдин жеке менчигине айлана турагандыгын депутаттарга эскертти.

XS
SM
MD
LG