Нурсултан Назарбаев бүгүн орус президенти Владимир Путин менен жолугушат. Эки лидер, Кремлдеги булактар ырасташкандай, Борборазиядагы кырдаалды, айрыкча Кыргызстандагы окуялардан кийинки жагдайды талкуулашат. Мындан тышкары эки өлкөнүн ортосундагы аскери, мунай жана газ чөйрөсүндөгү кызматташтыктын, Байкоңурдагы космодромду пайдалануу маселелери каралат. Президент Путин мындан эки күн мурда Сочиде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов менен да жолугуп, региондогу кырдаалды талкуулаган эле.