Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Рафик Хариринин өлүмүн Бириккен улуттар уюму иликтей турган болду


Коопсуздук кеңешинде бир добуштан кабыл алынган резолюциянын долбоорун АКШ, Британия жана Франция даярдашкан эле. АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер бул ишке эл аралык колдоо керектигин белгиледи. Резолюция бардык мамлекеттерди Ливандын экс-премьери Рафик Хариринин өлүмүн териштирип чыгууда тыгыз кызматташууга чакырат. Бириккен улуттар уюмунун комиссиясы бул ишти Ливан бийликтери да иликтеп чыкканын, бирок ал жетерлик өлчөмдө обьективдүү болбой калганын ырастаган эле.

XS
SM
MD
LG