Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:11

Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун жактоочулары нааразылык акциясын улантууда


НАРЫН. Кырдаалды жөнгө салуу багытында айрым жарандар атайын “Азаттык” үналгысы аркылуу Ишенбай Кадырбековго жана Карганбек Самаковго кайрылуу жасашты. Нарын районундагы Эмгекчил айылынан Бекболот Байтереков: - Ишенбай сен теңиртоонун кулунусуң, биздин кыргыздын чындап келсе чаба турган тулпарысың, сала турган шумкарысың. Эл журт сага ишенип турат, келечегиң кенен. Теңиртоонун эл-журтунун баары экөөңө ишенет. Укушкан-чукушкан кыргыздан калган сөздүн кыйшык жерлерин оңдоочу эле экөөңсүң.
Нарын районундагы Жыланарыктан келген Жийдебүбү Дүйшеева: - Карганбек байке мен сизге карындаш катары айтам. Кетирген кемчиликтери болсо кечирип. Нарындын кулундары болуп Нарын элин жетелеп кетишиңиздерге биз тилектешпиз – деп Ишенбай Кадырбековго жана Карганбек Самаковго карылуу кылышты облустук акимчиликти ээлеген жарандардын айрымдары.
XS
SM
MD
LG