Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:05

8-апрелде Базаркоргон райондук акимин дайындоо экинчи ирет үзгүлтүккө учурады


ЖАЛАЛАБАТ. Райондук Кеңеште өткөн жыйындан кийин акимдике сунушталган төрт адамдын ичинен президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыковдун акимдин милдетин аткаруу Айтмамат Осмоновго жүктөлгөндүгү жөнүндө убактылуу президенттин указын окууга залдагылар мүмкүндүк беришкен жок. Залга топтолгон “Ата мекен” партиясынын жүздөй жактоочусу 29-мартта Элдик кеңеш район башчылыгына шайлаган Райымбек Маматкуловдун акимдик кызматка бекитүүсүн талап кылышты. Башаламандык акимиаттын сыртында улантылып, чогулган адамдардын бири Үсөн Сыдыковдун президенттин милдетин аткаруучунун указы жөнүндөгү кагазын жулуп алды. Аким шайлоо 4-апрелде да үзгүлтүккө учураган. “Ата мекен” партиясынын өкүлдөрү 9-апрелде саясий башка иш чараларды баштарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG