Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:13

ЕККУ президенттик шайлоого көмөк көрсөтөт


БИШКЕК. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму келерки жуманын 14үндө Кыргызстандагы саясий абалды турукташтыруу жана президенттик шайлоого даярдык көрүүгө жардамдашуу боюнча өзүнүн планын түзүп, баш кеңсесине жөнөтөт. Бул тууралуу 8-апрелде ЕККУнун учурдагы төрагасынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Алойс Петерли маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, ал Кыргызстандагы ыңкылаптан кийин ЕККУ бере турган жардамдын багыттарын аныктап, жумушчу план түзүү үчүн келген. Бул багытта саясий партия, коомдук жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, өкмөт, Жогорку Кеңештин жетекчилери менен жолугушуп, жардам көрсөтүү боюнча сунуш-пикирлерди алды. Алойс Петерлинин айтымында, ал планга ылайык президенттик шайлоого чейин шайлоочулар, БШК мүчөлөрү,байкоочуларды окутуу аракеттери көрүлөт. Алойс Петерли президенттик шайлоо мурунку бийлик кызматтан кеткенден кийинки үч айдын ичинде өткөрүлүшү зарыл экендигин баса белгилеп, анын мөөнөтү узарса саясий туруктуулук бошоңдоорун билдирди.

XS
SM
MD
LG